Turmush — Чүй облусунун Кемин району менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун чек арасына стела орнотулуп жатат. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Стела алгач совет доорунда курулган. Андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам эски конструкцияны демонтаждоо жана жаңы стела куруу чечими кабыл алынган.