Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча мэрдин кубогу өттү. Бул тууралуу Орловка шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Турнирди Орловка шаарынын мэри Бактыбек Чанчаров ачып, жаш спортчуларга ийгиликтерди каалады.
Эркин күрөш боюнча 250 спортчу, грек-рим күрөшү боюнча 160 спортчу күч сынашты.
Спортчулар Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан келишти.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу байгелер, диплом, медалдар тапшырылды.