Turmush — Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жарандын үйүнөн куралдар табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну арыз жазган. Ал арызында 2024-жылдын 24-июлунда болжол менен саат 11:30 чамасында өзү жашаган үйүнүн жанынан А. уулу С.га таандык болгон 2012-жылы чыгарылган күмүш түстөгү «Инфинити» үлгүсүндөгү автоунаасын тааныш жаран менен баалашып, ал «акчасын 10 күн ичинде берем» деп алып, алдап кеткендигин билдирген.
Бул факт шаардык милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) белгилери менен кылмыш иши козголгон. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучу А. уулу С.га жалпысынан 16 000 доллар материалдык зыян келтирилегини аныкталган.
Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү мурда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, 2012-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 3-бөлүгү (эски редакция, адам өлтүрүү) менен соттолуп, 10 жыл эркинен ажыратылган, Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Т.Н. экендиги аныкталган.
Шектүүнүн жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда 1 даана кара түстөгү Калашников (АК-12) үлгүсүндөгү номурлары өчүрүлгөн автомат, 1 даана кара түстөгү магазин, 7 даана 5,45мм ок-дары, 1 даана кара түстөгү беткап далил буюм катары табылып алынды.