КРнын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, Төлөбек Беренов Талас облусунда меринос койлордун тукумун көбөйтүү аракетинде.
Т.Беренов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Кыргыз айыл чарба институтун окуп бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз илимдер академиясынын техника жана физиология бөлүмүндө кенже окумуштуу кызматынан баштап, ал жерде 9 жыл иштеген. Андан кийин Ысык-Атада зоотехник, «Лущихин» атындагы асыл тукум кой чарбасында зоотехник, 1985-жылы Бакай-Ата районундагы «Красная Заря» колхозунда башкы зоотехник болуп, 1986-жылдан тарта «Үрмарал» колхозунда башкы зоотехник кызматын аркалап, ошол эле учурда илим изилдөө тармагын дагы өнүктүргөн.
Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары анын жумушсуз отуруп калган күндөрү болуп, 1997-жылы жеке менчик чарба уюштурууну колго алган. Алгачкы жылдары койдун башын көбөйтүү менен алектенсе, кийин Австралиядан 270 баш кой алып келип, койлордун асылдуулугун арттырууга болгон аракетин жумшаган. Бирок, бул койлор Таластын климаттык шартына көнө албай, аны багууга бир топ оорчулук жараткан. Антсе да Т.Беренов талыкпаган иштердин натыйжасында өз максатына жетти. Учурда «Алтын жүн» жеке менчик асыл тукум кой өстүрүү фермердик чарбасында 300 ак кой багууда. Бардык кой жаз алды менен жана күз айларында текшерүүдөн өтүп, жүнү аргындашкан же нормага жетпегендери жок кылынып, 80%ынан жогорку сапаттагы жүндүү койлор алынат. Жыл сайын алардын тоютун камдоо менен алектенген фермер жай мезгилинде Чаткал жайлоосун жайлап келүүдө.
«Алтын жүн» жеке менчик асыл тукум фермердик чарбасындагы 1 койдон 5 кг жогору, ал эми кочкорлордон 10 кг чейин жүн алынат.
«Жалпы койлорду кырккандан кийин учурда чарбада 1,5 тонна жүн сакталууда. Биздин жүндөрдү көбүнчө Германиядан келгендер алып кетишет», - деди Т.Беренов.
Жеке фермердик чарба уюштуруу үчүн айылдын күнгөй бетинен кашар сатып алып, анда бош жаткан жерге тал-терек отургузуп, айланасын жашыл аймакка айландырган. Бул аймакка суу келбегендиктен фермер өз күчү менен 3 чакырым аралыкка арык казып, сугат суу менен камсыз кылды. Т.Беренов байбичеси Шекер Беренова менен 3 уул, 3 кызды тарбиялашкан.
Т.Беренов менен студент кезинен тарта бирге жүрүп, «Үрмарал» колхозундагы асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүүдө салымын кошкон Анарбек Шукиев Төлөбек аксакал жөнүндө буларга токтолду.
«Мен анда студент кезим эле, Төлөбек байке экөөбүз койдун санын, козулардын санын тактап, кулактарына бирка (катар саны көрсөтүлгөн койдун кулагындагы сөйкө) басчу элек. Биздин эң башкы максат — жасалма жол менен уруктандырууну сапаттуу ишке ашыруу эле. Себеби, аны фермердин бары жасай беришпейт. Ошентип илимпоз Төлөбек агабыздын аркасы менен койду жасалма жол менен уруктандырууну үйрөндүк. Таза кандуу, жакшы кочкордон 1-2,5 куб урук алууга болот. Аны изилдөөдөн өткөргөн соң глюкоза, жумуртканын сарысы жана башка каражаттарды кошуп, аралаштырган соң койлорго куюлат. Койлор жасалма жол менен эки жолу уруктандырылат. Жумуш катаал болсо да койлордун 99%ы тууп, асырап алууга мүмкүмчүлүк болчу», - деди Шукиев.
Төлөбек Беренов бүгүнкү күндө 300 баш таза кандуу, асыл тукум койлорду жасалма жол менен уруктандырат. Короосунда 14 кочкор бар. Аларды даярдап, күз айларында урук алышат.
«Облус аймагындагы башка койлордон айырмаланып, бул койлордун эти дагы, жүнү да баалуу. Мисалга алсак, башка койлордон кыркылган жүн 20-25 сом, ал эми аларды семиртсе май көп болуп кетет. Бул түрдөгү койдон 5 кг, кочкордон 14 кг жүн кыркып алууга болот. Анын килограммы 200 сомдон сатылат. Бул койлор семирген сайын сөөктөр ичкерип, эти көбөйөт», - деди Беренов.