Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуКемин району 03.10.2017 14:50

Кеминде 32 кары адамга акчалай жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата райондук мамлекеттик администрация тарабынан кары адамдарга акчалай жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган райондогу 32 кары адамдын ар бирине 2 миң сомдон акчалай жардам жана азык-түлүк берилди. Мындан тышкары, «Күн нуру» карылар үйүнө 5 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×