Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Чүй

Кеминде эң жаш жана эң улгайган шайлоочуларга белектер берилди

Turmush -  Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл аймагындагы №7004 шайлоо участкасында эң жаш жана эң улгайган шайлоочуларга белек берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган шайлоо тилкесине жалпы 1 миң 461 шайлоочу катталган. Айыл аймактын башчысы Абдырашид Молдобаев биринчилерден болуп добуш берди.

Ал эми, Кемин районунун акими Улан Карагулов №7032 участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүүгө катышты.

Анын айтымында, райондо саясий-коомдук абал тынч.

«Кемин району боюнча 32 шайлоо участкасы саат 08:00дө шайлоочуларга эшигин ачты. Учурда саясий-коомдук абал тынч. Милиция кызматкерлери, БШК мүчөлөрү өз иштерин активдүү алып барышууда. Саат 11:00гө алынган маалымат боюнча, жалпы шайлоочулардын 12,8%ы добуш беришти. Шайлоо таза жана өз нугунда өтүп жатат»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 861
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×