Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Кеминде эки унаа кагышып, 5 адам жабыркады

Turmush -  Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы авто кырсыктан 5 адам жабыркады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол-транспорт кырсыгы кечээ, 20-октябрда саат 06:05 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 103-чакырымында болгон. Анда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү (мамлекеттик №S46-98AG) унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (мамлекеттик №E32-88E) кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам жана жүк ташуучу унаадагы 2 адам жабыркаган.

ӨКМдин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаага кыпчылып калган жабырлануучуларды чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Алар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

Буга чейин Turmush басылмасына Чүй облусунун Кемин районундагы жол-транспорт кырсыгынан 7 адам жабыркандыгы маалымдалган.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, кечээ, 20-октябрда саат 06:00дөр чамасында жеңил унаа менен кичи автобус кагышкан. Кырсыктан жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткирилди.

Жаракат алгандардын тизмеси:

- 1977-жылы туулган Б.К., Токмок шаарынын тургуну

1994-жылы туулган жигит, Кемин районунун тургуну;

- 1986-жылы туулган С.К., Кемин районунун тургуну;

- 1995-жылы туулган К.А., Кемин районунун тургуну;

- 1996-жылы туулган О. уулу Н., Кемин районунун тургуну;

- 1997-жылы туулган И.О., Кемин районунун тургуну;

- жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген эркек кишинин өздүгү тактала элек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1570
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×