Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуКемин району 21.10.2017 21:25

Кеминде 5,8 млн долларга жарандык пиротехникалык жардыргычтарды чыгарган завод курулду

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында жарандык пиротехникалык жардыргычтарды чыгара турган завод курулду. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Экономика министрлиги алдындагы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө заводдун курулушуна 40 млн юань (5,8 млн доллар же 398 млн сом) жумшалган. Заводду С К-К «Салют Компани» ЖЧКсы курган.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2013-жылдын 24-июлундагы токтомуна ылайык завод куруу үчүн «Салют компани» компаниясына жерди 25 жылга колдонууга берилген. Ага ылайык, Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын аймагынан 12,5 гектар жер берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×