Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Чүй

Кеминде Жергиликтүү жамааттар күнү белгиленди

Turmush -  Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында Жергиликтүү жамааттар күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургандары катышып, айылдын өнүгүшүнө өз салымын кошкон маркум инсандарга багышталып куран окутулду. Ошондой эле, атайын эки боз үй тигилип, иш-чарага келгендерге ысык тамак берилди.

Мындан тышкары иш-чара спорттук оюндар менен коштолуп, кичи футбол уюштурулду. Ага 8 команда катышып, 1-орунду алган «Ретро» командасына 8 миң сом, 2-орунду ээлеген командага 5 миң сом, 3-орунду алган командага 3 миң сом, 4-орунга ээ болгон командага 2 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Бул мелдеште 23 жаштан 50 жашка чейинки эркектер беттешти. Баскетбол боюнча мелдешке 5 команда катышып, анда 1988-жылкылар 1-орунду ээлеп 8 миң сом, 1994-жылкылар 2-орунду алып 5 миң сом, «Ретро» командасы 3-орунду ээлеп 3 миң сом акчалай сыйлык алышты. Ушундай эле сыйлыктар менен көк бөрү оюнунун женүүчүлөрү сыйланышты.

Бул иш-чарага айылдын жаштары тарабынан түзүлгөн фонддон, айыл тургундары, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каражат бөлүндү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1487
Көп окулду
×