Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуКемин району 02.11.2017 12:31

Кеминде милиция кызматкерлери сыйланышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда кечээ, 1-ноябрда Кыргыз милициясынын 93 жылдыгына карата милиция кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондук администрациясынын жыйын залында майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага аким Улан Карагулов, шаар мэри, согуштун ардагерлери, күзөт бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери, Кемин РИИБдин жетекчиси жана өздүк курамы катышты. Аким жана мэр милиция кызматкерлерине куттуктоо сөздөрүн айтып, ардак грамота, диплом жана ыраазычылык баракчаларын тапшырышты. Райондук ички иштер башкармалыгынын 4 кызматкери акимден, 1 кызматкери мэрден, 6 кызматкери Ички иштер министрлигинен, 6 кызматкери Чүй ОИИБден жана 7 кызматкер Кемин РИИБден сыйлык алышты. Ошондой эле, согуштун 5 ардагери ардак грамота менен сыйланышты.

Сыйлык алган кызматкерлердин тизмеси:

- Боенов Максатбек Болотбекович;

- Мамытжанов Азамат Адылович;

- Шейшекеев Мирлан Райканович;

- Чомоева Асел Акбаровна;

- Сагыналиева Асел Орозбековна;

- Уразов Алишер Ахмеджанович;

- Кулжабаев Курманбек Ишекеевич;

- Өмүрбеков Кайрат Курманбекович;

- Сандыбаев Рустам Октябрьевич;

- Зайнидинов Алмаз Айтбаевич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×