Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуКемин району 07.11.2017 14:45

Кеминде Үркүн окуясына арналган эстеликтин алдында куран окутулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Кемин районунда митинг-реквием болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага Кемин райондук администрациясынын башчысы, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери, №17 кесиптик лицейдин окуучулары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгы, Саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгы тууралуу айтылып, Боом капчыгайындагы Үркүн окуясына арналган эстеликтин алдында куран окулуп, гүл  коюлду.

Кемин районунда учурда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата көк бөрү оюну болуп жатат. Анда 8 команда ат салышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×