Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Кемин районунда өткөн көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кемин районунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата көк бөрү оюну уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган оюн Кызыл-Октябрь айылында болуп, ага район боюнча 5 команда ат салышты. Байгеге акимдин кубогу жана акчалай сыйлыктар коюлду.

Мелдештин жыйынтыгында, «Чоң-Кемин» командасы 1-орунду ээлеп, 15 миң сом акчалай сыйлык алды. «Көк-Ойрок» командасы 2-орунду багындырып, 10 миң сом алса, «Ильич» командасы 3-орунду алып, 5 миң сомго ээ болду. Мындан тышкары, ар бир команда миң сомдон акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 991
Көп окулду
×