Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Чүй

Кеминде күйөөсүнүн ашында бычакталган аялдын өлүмүнө шектелген киши кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 50 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген адам кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 6-ноябрь күнү кечинде Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычакталган аял тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен.

Бычактан жаракат алган аял ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Милиция кызматкерлери анын өздүгүн тактап, 50 жаштагы А.О. экендигин аныкташты. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 6-ноябрь күнү Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринде А.О.нун сентябрь айында каза болгон күйөөсүнүн кыркылыгы өткөндүгү маалымдалды.

«Аш өтүп жатканда каза болгон А.О. менен Сергей аттуу адамдын ортосунда уруш чыгып, эркек киши аялдын көкүрөк тушуна бычак сайып, андан соң качып кеткен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышты жасаган адамдын өздүгү такталып, 59 жаштагы жергиликтүү тургун Л.С. кармалды. Ал буга чейин бир нече ирет соттолгондугу аныкталып, текшерүү учурунда анын жанынан 116 грамм кара куурай табылды», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган киши Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесине камакка алынып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3756
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×