Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Кеминде 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган дарыгердин иши сотко өттү

Turmush -  Кемин районунун Орловка шаарында дарыгер А.А.нын иши боюнча тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга 12 жаштагы жабырлануучу кыздын жакындары билдиришти.

Маалым болгондой, экспертизанын жыйынтыгы боюнча 53 жаштагы дарыгердин иши Кемин райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Дарыгер А.А.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (жыныстык мүнѳздѳгү аракеттерге мажбурлоо) жана 133-беренесинин (ыплас аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучу кыздын жакындарынын айтымына караганда, азырынча сот иши качан болору белгисиз.

Буга чейин Turmush басылмасына Чүй облусунун Кемин районунда 53 жаштагы дарыгер 12 жаштагы бейтап кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелгендиги маалымдалган.

Чүй ОИИБден маалым болгондой, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду. Эгер дарыгердин бейтап кызга карата ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталса, ага 129-берене (зордуктоо) боюнча да кылмыш иши козголот.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу кыз 4-сентябрда ооруканага жаткырылган. 5-сентябрь күнү оорукананын дарыгери А.А. 12 жаштагы бейтап кызга ийне сайып, аны зордуктоого аракет кылган. Ал 6-сентябрь күнү эртең менен жакындарына телефон чалып, окуя тууралуу билдирген.

«Тери оорусу менен жабыр тарткан кызымды 4-сентябрь күнү ооруканага жаткырганбыз. Ал 6-сентябрда мага телефон чалып, окуя тууралуу билдирди. Жолдошум экөөбүз дароо ооруканага бардык. Кызым бөлмөдө жалгыз ыйлап жатыптыр. Дарыгер ага түндө ийне сайгандыгын жана андан кийин кыймылдай албай калгандыгын айтты. Андан соң ыплас иштерди жасап, бөлмөгө кирип-чыгып турган. Биз ошол күнү кызыбызды ооруканадан алып кеттик. Учурда ал психикалык жактан жабыр тартып, коркуп жатат. Дарыгерге карата арыз жазганбыз жана экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Орловка ооруканасынын дарыгери тиешелүү жазасын алат деп ишенем. Анткени, бир дагы эне мындай нерсени көрүп, ыйлабашы керек», - деди кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3739
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×