Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуКемин району 14.11.2017 11:12

Кеминдин Борду айылында 9 млн сомго спорттук зал курулду (фото)

Turmush -  Кемин районунун Алмалуу айыл аймагынын Борду айылында спорттук зал ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, оор атлетикадан дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Иш-чара дзюдо боюнча райондун биринчилиги менен улантылды.

Спорттук залды курууга жалпы 9 млн 300 миң сом сарпталса, анын ичинен 400 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×