Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Кеминде мектептин имаратында жайгашкан бала бакча пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун Подгорное айылында бүгүн, 17-ноябрда бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган бала бакча мурунку мектептин имаратында жайгашкан. Ал имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бардык шарттар менен ылайыкташылып ишке берилди. Бала бакчанын салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева, Орловка шаарынын мэри Б.Чанчаров, Орловка шаардык кеңешинин депутаттары, райондук билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Карагуловдун атынан 50 миң сомго бала бакчанын керектөөсүнө сертификат тапшырылды.

Эми бул мекемеде 50 бала тарбия алып, 12 кызматкер эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1672
×