Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Кеминде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кемин райондук мамлекеттик администрациясы социалдык коргоо жана билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте 3-декабрь — Майыптардын күнүнө карата Токмок шаарында жайгашкан психо-неврологиялык жатак үйүнө барып келишти.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз!» аттуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кайрымдуулук боюнча бир айлык жарыяланган. Ошондой эле, тиешелүү иш-чаралар планы түзүлүп, айыл-аймактарга жиберилип, учурда ишке ашырылып жатат. Ошонун негизинде 1-декабрь күнү «Шайыр апалар», «Шайыр аталар» топтору жана маданият кызматкерлери майрамдык иш-чара уюштуруп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тамак-аш, азык-түлүк жеткирилип, материалдык жактан жардам көрсөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1880
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×