Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Айыл турмушу: С.Солтонкулова кураган төшөктөр 1,3 миң сомдон бааланып, чет өлкөгө чейин сатылат (фото)

Turmush -  Кемин районунун Кара-Булак айылынын 70 жаштагы тургуну Сагынбүбү Солтонкулова 1970-жылдан бери төшөк курап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн.

«1967-жылы Кемин районунун Кара-Булак айылына келин болуп келип, ушул жерде жашап калгам. Энем кичинемден төшөк каптап, курак кураганды үйрөттү. Ошондон бери 300дөн ашык төшөк кураптырмын. Мен атайын майда кылып курайм, ал кооз жана өзгөчө көрүнөт. Бул иш менен 1970-жылдан бери алектенем», - деди ал.

Өз учурунда анын кураган төшөктөрү Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына чейин кеткен.

«Мен атайын буйрутма менен Ошко 12 төшөк, Түркияга 8 төшөк жана Бириккен Араб Эмираттарына 2 төшөк жана 2 жаздык жасап бергем. Эсимде калганы, түрк улутундагы жигитке турмушка чыккан кыздын жолдошу атайын келип суранганынан жай намаз курап бергем. Абдан ыраазы болуп кеткен эле.

3 метр жер төшөк 1300 сомдон, ал эми жаздыкчалар 300 сомдон бааланат. Мага бул иш аябай жагат. Жакшы көргөн ишиң менен алектенүүдөн рахат гана аласың», - деди ал.

Сагынбүбү Солтонкулова 1947-жылы Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Учурда 7 баланын бактылуу апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2591
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×