Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Айыл турмушу: 27 жаштагы чек арачы М.Орозбекова спортчу кыздарга кандай жигиттер жагарын айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун 27 жаштагы тургуну Махабат Орозбекова 8 жашынан бери спорт менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын 2026-аскер бөлүгүнүн «Манас абабекет» көзөмөл өткөрүү пунктунда улук көзөмөлчү болуп эмгектенет.

«Спорт менен 18 жашымдан бери машыгып келем. Башында эркин күрөш менен машыкчумун. Кесибиме байланыштуу спорттун бул түрүн эр таймашка алмаштырдым. Ѳзүм М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы соода-экономикалык колледжин 2009-жылы аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшырып, аны 2013-жылы бүтүрдүм. Азыркы убакытта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студентимин.

Спортто кѳп ийгиликтерге жетиштик. Акыркы жетишкендиктеримди айта кетсем, Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду алгам, ал эми Азия чемпионатында коло медалына жана Дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болгом. Спорттун бул түрү оор. Ар кандай жаракаттарды алышат. Бирок мен катуу жаракат алган эмесмин.

Спорт — бул ден соолукка пайдалуу. Сергек жүрѳсүң. Ага улай ѳзүңдү ар кандай жаман адамдардан сактай аласың. Спортчу кыздарга кандай мырзалар жагарын айта албайм, ар бир адамдын өз идеалы болот эмеспи. Учурда жигитим бар. Ал мага келечекте мыкты жолдош болот деп ойлойм», - деди ал.

Махабат Орозбекова 1990-жылы Чүй облусунун Кемин районунда жарык дүйнөгө келген.

«Үй-бүлөдө үч бир туугандын эң кенжеси болом. Келечекке максаттарым кѳп. Эң башкысы үй-бүлөлүк бакыт жана спорт тармагында чоң жетишкендиктерге жетсем дейм. Мамлекеттик чек ара кызматына 2012-жылы чакырылып, ошондон бери эмгектенип жатам», - деди ал.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2563
×