Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуКемин району 15.12.2017 09:31

Кеминде окуучуларды «Сары-Өзөн чолпондору» сынагына даярдоо чаралары көрүлүүдө (фото)

Turmush -  Кемин райондук Балдар жана өспүрүмдөр борборунда атайын иш-пландын негизинде «Ырдоо чеберчилиги» аттуу вокал боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 14-декабрда өткөн иш-чарага Кемин районундагы бардык мектептердин музыка сабагынын мугалимдери жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева катышты. Мастер-классты Кемин райондук Балдар жана өспүрүмдөр борборунун «Эстрадалык вокал» ийриминин жетекчиси Эльнура Абдылдаева көрсөттү. Иш-чаранын максаты — жыл сайын өткөрүлүүчү «Сары-Өзөн чолпондору» кароо-сынагына даярдык көрүү жана таланттуу окуучулар менен иштөө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×