Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуКемин району 22.12.2017 13:19

Чым-Коргондо эркек кишини унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы жол кырсыгынан эркек киши каза болду, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ, 21-декабрда кечки саат 18:00дөр чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында 45 жаштагы эркек кишини унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон. Учурда жол кырсыгы жана каза болгон эркек кишинин өздүгү такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×