Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Айыл турмушу: Кеминдик М.Касымбеков аттардын такасын такалаган станок жасады (фото)

Turmush -  Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын 41 жаштагы тургуну Мухтар Касымбеков аттардын такасын атайын станок менен такалап, алардын тиштерин дарылайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен бир нече жылдан бери алектенет.

«Америкадан усталар, медицина кызматкерлери келип семинар өткөндөн кийин аттардын тишин дарылап калдым. Андан кийин ат такалай турган станок жасадым. Мунун өзүнчө нускамасы бар. Аттын туяктарын кесип, таканы туура кагуу керек. Буга чейин мындай станокту ата-бабаларыбыз колдонуп келген. Ал асма деп аталчу. Аттарын такалатканы айылдаштарым жана башка айылдын тургундары келишет. Таятам чоң темир уста болгондуктан мага көп нерсе үйрөтүп, кызыгуумду арттырды. Мындан тышкары, аттардын тиштерин жасайм. Аттар жайында эттенип, кыш мезгилинде арыктай түшөт. Кышында жем жей албай кыйналышат. Алар үстүңкү тиши менен жаагын, астыңкы тиши менен тилин тиштеп алышат. Биз атайын шайман менен алдардын тиштерин оңдойбуз», - деди ал.

Мухтар Касымбеков саяпкерчилик менен да алектенип, англис тукумундагы жылкыларды багат.

«Англис тукумундагы 4 жылкыны багып жатам. Алар менен ат чабыштарга катышам. 2014-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бир атым аламан байгеде бешинчи болуп келген. Ошондой эле, мен баккан аттар 3 жыл катары менен Барскоондо жана Коргонду-Булакта кыргыз жылкысына араналган ат чабыштарда байгелүү орундарга ээ болду. Мындан тышкары, алар улуттук оюндарда алдыңкы орундарды багындырып жүрүшөт», - деди ал.

М.Касымбеков 1998-жылы А.С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, 2000-2001-жылдары мугалимдик кесипти аркалаган. Учурда үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2424
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×