Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуКемин району 02.02.2018 08:18

Бала тили — бал: Президент менин атам, - 3 жаштагы Амина (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман - жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Чүй облусунун Кемин районунда жашаган 3 жаштагы Амина Майрамбек кызы.

- Атың ким?

- Амина.

- Кимдин кызысың?

- Макунун.

- Канча жаштасың?

- Экиде.

- Канча бир туугансың?

- Жана айттым го.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Ова байам.

- Бала бакчадан эмне кыласың?

- Тамак жейм, ойнойм ошо.

- Телефон деген эмне?

- Ал деген папам менен сүйлөшөт.

- Сүйгөнүң барбы?

- Ова бай.

- Аты ким?

- Баел.

- Байэл деген ким?

- Ал деген эркек да.

- Ал сени жакшы көрөбү?

- Аны билбейтам.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Папамдай болом.

- Атаң ким болуп иштейт?

- Жумуш жасап иштейт.

- Сен сулуу кызсыңбы же акылдуубу?

- Мен эч нейсе эмесмин Аминамын.

- Президент деген ким?

- Ал деген атам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×