Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Айыл турмушу: Кеминде бала бакчаны жетектеген Д.Баймуратова майрамда имараттын ичин өзү кооздоп чыгат (фото)

Turmush -  53 жаштагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Динара Баймуратова «Кызыл-Октябрь келечеги» бала бакчасын өнүктүрүп, ичиндеги кол өнөрчүлүккө тиешелүү буюмдарды өз колу менен жасаган. Колунан көөрү төгүлгөн Динара айым менен аймактык кабарчы жакындан таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2009-жылдан бери аталган бала бакчаны жетектеп келет.

«Мен 1965-жылы төрөлгөм. Атам согуштун катышуучусу жана санжырачы эле. Апам болсо, Жаңы-Алыш айылында айылдык совет болуп кызмат өтөгөн. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын эң кичүүсү элем. Бала чагымда өтө эле ойноок болуп, балдар менен да мушташчу экенмин, эрке болчумун. Буга чейин, товар боюнча специалист, суу чарбасында бухгалтер, директор болуп эмгектендим. Бирок, 2009-жылдан тарта ушул биздин бала бакчаны жетектеп, колуман келишинче гүлдөтүүгө аракет кылып жатам. Мен жаңы келгенде 1 тайпада 13 бала болчу, учурда 5 тайпада 131 бала бар. Жамаатты өзүм тандагам, кызматкерлеримди жакшы көрөм, баары тартиптүү жана бакчаны аябай таза кармашат», - деди Д.Баймуратова.

Ал буюмдарды интернет булактарынан карап жасайт.

«Мен кийиз менен иш кылганды жакшы көрөм. Ошондой эле, сүрөт тартам, шуру менен бактарды жасайм, кагаздарды, бош бөтөлкөлөрдү кесип көп буюмдарды жасайм. Гүлдөрдү өстүрөм жана бийлегенди жакшы көрөм. Иш кылмайынча тура албайм, бакчанын тегерегин жашылдандырып, көп гүлдөрдү өстүрөм. Майрамдар болгон сайын бакчанын жасалгаларын интернеттен карап, балдардын көңүлүн көтөргүдөй кылып кооздойбуз. Долбоор менен көп иштеп, тамак ичкен столдор, отургучтар, шкаф, керебеттер, ашканага керектүү буюмдарды утуп, учурда Кемин району боюнча эң алдыңкы деген бала бакчаларданбыз. Терезелер пластик, долбоор менен чоң зал дагы оңдолуп, бала бакчага керектүү жабдуулардын көбүнө ээ болдук. Өзүм жөнүндө айтсам, жумшак деле эмесмин, боорукермин, жардам кылганды жакшы көрөм жана бетке сүйлөйм», - деди ал.

Учурда Динара Баймуратованын 5 баласы жана 7 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1889
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×