Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 27.04.2019 13:56 На русском

Кеминде «Жыл мугалими-2019» сынагын физик Б.Кусеинова жеңип алды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 26-апрелде «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы өткөрүлүп, анда 1-орунду жана облустук кароо-сынакка жолдомону С.Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мектебинин физика мугалими Бурулсун Кусеинова ээледи. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Кароо-сынакка Ө.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин математика мугалими Алыбек кызы Анара, М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинин орус тили, адабият мугалими Асел Алыбаева, М.Тарыхбаев атындагы Жол-Булак орто мектебинин англис тил мугалими Жибек Ботобаева жана С.Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мектебинин физика мугалими Бурулсун Кусеинова катышты.

Буга чейин ушул жылдын 19-апрелинде билим берүү кызматкерлери арасында «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагынын аймактык сынагы болуп, аталган мугалимдер райондук сынакка тандалган. Катышуучулар өзүн тааныштыруу, сабактан фрагмент көрсөтүү, эссе жазуу, портфолио менен тааныштыруу жана тестирлөөдөн өтүү боюнча күч сынашты.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева катышып, катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

«Жыйынтыгында 1-орунду жана облустук кароо-сынакка жолдомону С.Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мектебинин физика мугалими Бурулсун Кусеинова ээледи. Ага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын «Билим даңкы» төш белгиси, акчалай сыйлыгы, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана баалуу белеги тапшырылды.

Бардык катышуучуларга райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун, райондук билим берүү бөлүмүнүн атынан ардак грамоталар баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

2018-жылы Карал-Дөбө орто мектебинин география мугалими Таалай Исмаилов райондо жылдын мыкты мугалими аталып, облустук сынакта 1-орунга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×