Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 30.04.2019 14:03

Элет көйгөйү: Кеминдеги 3 айылдын тургундары бала бакчага муктаж

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кара-Булак айыл аймагынын тургундары айыл аймактагы үч айылда тең бала бакча жок экенин айтып, президентке чейин кат жазышты.

Айыл тургундарынын бири Жылдыз Жумалиеванын айтымында, Кара-Булак, Бейшеке, Алтымыш айылдарында бала бакчага бара турчу балдардын саны 200дөн ашат.

«Бизде СССР тарагандан бери бала бакча жок. Мектеп жашына чейинки балдарыбыздын саны үч айылда биригип 200дөн ашат. Канчалаган кыз-келиндер жаш балдарын кароосуз калтыра албай, үйдө жумушсуз отурушат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, жумушсуздуктун арты жакырчылыкка алып келет эмеспи. Үйдө отурган апалардын көпчүлүгү жөлөк пул алышпайт. Эгер бизге бала бакча курулса көптөгөн маселелер чечилер эле. Балдарыбызды бала бакчага берип, өзүбүз иштейт элек. Чоң жолдун боюндагы кошуна Нур аттуу айылда бала бакча бар. Ал жерге балдарды унаа менен алып барганга жумасына 1000 сом кетет. Жумасына 1000 сомдон берип турганга көбүнүн шарты жок. Анын үстүнө алыс жолго кичинекей балдарды унаага салып бергенден коркосуң. Чоң жолдон унаалар катуу өтөт эмеспи», - деди ал.

Аким Нурлан Шаршеналиевдин айтымында, Бейшеке айылында сентябрь айы менен бала бакча ачылат.

«Бейшеке айылында бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп, сентябрь айына ачылганы турат. Ичине тиешелүү эмеректердин баары коюлуп даярдалган. Майда-чүйдө маселелери калды. Штат түзүлгөн.

Алтымыш айылындагы мектеп бала бакча болчу. Элдин өзүнүн талабы менен ошол бала бакчанын имараты башталгыч класстын окуучулары үчүн мектепке айланган. Дагы бир нерсени айтып кетейин, биздин Кемин району бала бакча менен жакшы камсыз болуп келе жатат. Союз убагында мынчалык бала бакча менен камсыз болгон эмес. Ушул жылы Кеминдин Кайыңды менен Кашкелең айылына 100 орундуу 2 бала бакча курулганы турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×