Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 06.05.2019 10:35 На русском

«Жеңеке»: Б.Кусеинова жаңы келин болгондо отко жоолуктарын күйгүзүп алган

Turmush -  Бурулсун Кусеинова 1992-жылы Кемин районунда төрөлгөн. Ал жаңы келин болуп келгенде от жакканды билбей жоолугун күйгүзүп, бети-башын көө кылып алчу. Жолдошу менен он жылдан бери бактылуу үй-бүлөнү түптөп, бир уул, бир кызды тарбиялап келе жаткан каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум Жанарбек экөөбүз он жылдан бери бирге түтүн булатып, ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөнү куруп келе жатабыз. Бир уул, бир кызыбыз бар. Жолдошум экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, жакындан таанышып калганбыз. Мени дайыма ар тараптан колдоп, кесибимди түшүнүү менен кабыл алат. Балдарыма мээримдүү, үлгүлүү ата деп айта алам.

Жаңы келин болуп келгенде, бардык келиндердей эле кызыктуу окуялар көп болду. Айрыкча от жакканды билбей, жүдөп жүргөнүмдү азыр эстесем күлкүм келет. Чынында от жакканды билчү эмесмин. Далай жолу жоолугумду күйгүзгөм. Бети-башым көө болуп калган учурлар болгон.

Жолдошумдун мага берген белеги көп эле. Ар дайым мени колдоп, жылуу сөзүн айтып турганы — мен үчүн чоң белек. Эсте калган белеги алтын шакек болду», - деди ал.

Бурулсун жеңе жакында эле Кемин районундагы «Жыл мугалими – 2019» сынагында 1-орунду жеңип алган. Ал мугалимдик кесипти 7 жылдан бери аркалап келет.

«Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин районунун Тегирменти айылындагы Белек Солтоноев атындагы орто мектепти аяктагам. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен физика мугалими кесибин алып чыктым. 2012-жылдан баштап Самудин Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мекебинде физика мугалими болуп иштейм. Мектептеги иш-чаралардан калбай, активдүү катышып келем. Физика сабагын мыкты өткөндүгүм үчүн бир нече ардак грамоталар менен сыйландым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×