Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 06.05.2019 15:24 На русском

Сабакта полго тайгаланып, жерге отуруп калган мугалим А.Алыбаеванын унутулгус күнү

Turmush -  Асел Алыбаева өзү окуп кеткен Ак-Бекет орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип жатат. Ал жакында эле Кемин районунда өткөн «Жыл мугалими-2019» сынагында 4-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышкан.

Ардактуу мугалим 1989-жылы Кемин районунун Ак-Бекет айылында төрөлгөн.

«Кеминдеги Ак-Бекет орто мектебин аяктагам. Бишкек гуманитардык университетинде окугандан кийин, ушул өзүм окуган мектепке мугалим болуп жумушка орношком. 6 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатам. Министрликтен жана башка билим берүү мекемелеринен алган ардак баракчаларым бар.

Мугалимдик кесипти тандап алышыма өзүмдүн кызыгуум түрткү болду го. Анткени кичинекей өспүрүмдөргө сабак өткөндү жакшы көрчүмүн. Чынында мугалимдик кесип ары татаал, ары түйшүктүү. Бирок ага чыдаган гана киши иштеп кетет.

Жакында районубузда өткөн «Жыл мугалими-2019» сынагында 4-орунду алдым. Ага көп эле убакыт даярдандым. Абдан аракет кылдым. Кудайым буюрса алдыда көп ийгиликтер бар деп ишенем», - деди ал.

Жаш мугалим жумуш үстүндөгү кызыктуу окуяларын да айтып берди.

«Окуучулар менен иштеген бир чети оор болсо, бир чети абдан кызыктуу. Көп эле окуялар болот. Анын ичинен бир окуя такыр эсимден кетпейт. Бир жолу окуучуларга жаңы тема өтүп, ары-бери басып түшүндүрүп жаткам. Ошол учурда полдон тайгаланып кетип, жерге отуруп калдым. Окуучулардын баары күлүп жиберишкен эле. Ошол окуя эмнегедир эсимден кетпейт. Биздин кесип ушундай, бирде күлөсүң, бирде капаланасың», - деди ал.

Асел Алыбаева үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.

«Жолдошум Жаңы-Алыш айылынан болот. Азыр ушул айылда жашап, Ак-Бекетке каттап иштеп жатам. Экөөбүз бир түтүн булатып, жашап келе жатканыбызга 10 жылдын жүзү болду. Жолдошум мурда мени көрүп жүрчү экен. Телефон номурумду алып, чалып калды. Ошентип сүйлөшүп жүрүп, бири-бирибизди жактырып калдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×