Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 09.05.2019 09:49

Кеминде согуштун 3 ардагери медаль, акчалай сыйлык менен сыйланышты

Turmush -  Кемин районунда 8-майда «Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте сакталсын!» деген ураан менен райондогу 3 ардагерди жана ооруктун 13 эмгекчисин куттуктоо иш-чаралары өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 3 ардагерге президент С.Жээнбековдун куттуктоосу жеткирилип, Башкы штабдын 3-даражадагы «Милдетке бекемдиги үчүн» жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин «Намыс» медалдары тапшырылды.

Кемин районунун акиминин орун басары Айгүл Курманалиеванын айтуусунда, ардагерлерге мамлекет тарабынан Жеӊиш күнүнө карата берилүүчү жөлөк пулдар толугу менен берилди.

«Мындан тышкары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан 3 ардагерге 10000 сомдон тапшырылды. «Алтын кен» ЖЧК тарабынан 3 ардагерге 20000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Ошондой эле ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине азык-түлүк тапшырылды. Райондук прокуратура тарабынан 3 ардагерге 5000 сомдон, райондук социалдык фонд башкармалыгы тарабынан 5000 сомдон тапшырылды.

Кемин райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дагы ардагерлерге колдоолор көрсөтүлдү», - деди Айгүл Курманалиева.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кемин районунан 7 миңден ашык адам катышкан. Алардын арасынан Василий Яковлевич Беляндра, Иван Спиридонович Немцев, Алексей Александрович Кривощеков «Советтер Союзунун Баатыры» наамына ээ болушкан.

Учурда райондо ооруктун 13 эмгекчиси, согуштун 3 ардагери калды. Ардагерлер — Щербакова Надежда Николаевна, Босиков Иван Дмитриевич, Брянский Иван Акимович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×