Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 18.05.2019 14:57

Кеминде «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдары тапшырылды

Turmush -  17-майда Чүй облусунун Кемин районунда Энелер күнүнө карата «Бейиш эненин таманынын астында» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага райондун ар бир айыл өкмөтүнөн жана шаарларынан келген 300 апа катышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Шаршеналиев катышып, куттуктоо сөзүн айтып, энелерге таазим этти. Ошондой эле айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери, мекеме уюмдардын жетекчилери, демөөрчүлөр да катышып, апаларга каалоо-тилектерин билдиришти. Аларга гүлдестелер, белектер тапшырылды.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиеванын айтымында, эки эне «Баатыр эне», төрт апа «Эне даңкы» наамы менен сыйланышты.

«Кемин районунан 2 эне — Абыканова Айтбүбү апабыз, Курманалиева Эркингүл апабыз «Баатыр эне» ордени менен сыйланса, 4 энебиз — Абдраимова Венера, Калыкова Зарина, Кубанычева Махабат, Сейдакматова Элмира «Эне даӊкы» медалы менен сыйланды. Иш-чара майрамдык концерттик программа менен коштолуп, ошондой эле апаларга Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры тарабынан Токтоболот Абдымомуновдун «Машырбек үйлөнөт» комедиясы коюлду.

Райондогу бардык мектеп, бала бакчаларда 2019-жылдын 13-17-май күндөрү класстык ачык сааттар, «Эненин жүрөгү», «Энелерге гүл десте» жана башка темадагы майрамдык концерттер, кечелер өткөрүлдү. Энелер майрамы райондун бардык айыл аймактарында, шаарларында 17-19-май күнү белгиленет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×