Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 21.05.2019 11:02

«Өлгөн кызды айдоочу деп, күнөөнү оодарып коюшту»: 3 жаштагы кыздын абалы оор

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 4 адам көз жумган.

Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык 9-майда саат 21:00 чамасында унаа жолдун 108-чакырымында болгон. 1998-жылы туулган кыз — «Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жатканда каршы тилкеге чыгып, «Субару Аутбэк» менен кагышкан. Экинчи унааны 1970-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу — 21 жаштагы кыз, «Субарунун» айдоочусу жана анын жубайы көз жумду. Ал эми келини ооруканада каза болгон. Ошондой эле 3 адам: «Субарунун» 2, ал эми «Хонданын» 1 жүргүнчүсү катуу жабыркаган.

Учурда ооруканада жаткан 3 жаштагы кыздын абалы оор экенин анын агасы Азамат аймактык кабарчыга билдирди.

«Тергөө иши Кемин РИИБден Чүй ОИИББге өттү. Бизге жеткен маалымат боюнча Кеминдин тергөөчүлөрү ишти чоюп, эч нерсе кылбай коюшкан. Ошол себептен иш облуска өттү. Ал эми ооруканада жаткан 3 жаштагы кыздын абалы дагы деле оор. Дарыгерлер бардык аракетин көрүп жатышат», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасына «Субару» унаасынын каза болгон айдоочусунун Азамат аттуу иниси кырсык тууралуу буларды билдирип, күбөлөрдү чындыкты айтып берүүгө чакырган.

«Биз күбөлөрдү издеп жатабыз. Анткени бул жерде туура эмес иштер болуп жатат. «Хонда Одиссей» унаасынын артында дагы эки унаа удаа келе жаткан экен. Алдын ала маалыматтарга караганда, «Хонда Одиссейдин» рулунда жигит отурган экен, бирок жанындагы «сүйгөн кызы» каза болгон соң, күнөөнү ошол кызга оодара калышты. Бизге жеткен маалымат боюнча ал жигит байдын баласы экен. Өзү болсо экспертизага келбей качып жүрөт.

Экинчиден агам менен жеңем каза болуп, унаанын ичиндеги 1998-жылкы келиним менен 3 жаштагы карындашым оор абалда жатканына карабай, экинчи унаадагы бутунан гана жаракат алган жигитти жол көзөмөлдөөчүлөр тез жардам кызматына биринчи салып жиберишиптир. Андан кийинки тез жардам кызматына келинибиз менен карындашымды салышкан. 1998-жылы төрөлгөн келинибиз дагы ооруканада каза болуп калды. 3 жаштагы карындашым азыр оор абалда жатат. Эмнеге тез жардам кызматына алгач оор абалдагы адамдарды салып жөнөтүшпөйт? Мындай акыйкатсыз иштер болуп жатканына нааразыбыз. Бул боюнча биз көз карандысыз эксперттерди жалдаганы жатабыз», - деди ал.

Азаматтын айтымында, каза болгон агасы үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынан Чоң-Кемин айылына бара жатышкан. Жубайлардын артында 3 уулу, 1 кызы калды.

«3 жаштагы кызы ооруканада оор абалда жатат. Дагы бир баласы унаанын ичинде болгон. Ал дагы катуу жабыркап ооруканада. Ал эми улуу баласынын — 1998-жылкы келинчеги каза болуп калды. Иним менен келиним 3 ай мурун гана үйлөнүшкөн», - деди Азамат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×