Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 23.05.2019 08:00 На русском

Кеминдик Ш.Турушбеков: Соцбаракчасына ката жазган аттуу-баштууларга таң калам. Уялышпайбы?

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Шайлообек Турушбеков жакында эле өткөн «Сабаттуу бол» акциясында «5» деген баага татыган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шайлообек Турушбеков 1979-жылы 20-декабрда төрөлгөн. 1997-жылы А.Дүйшеев айыл өкмөтүндөгү Болот Юнусалиев атындагы орто мектебин аяктаган. Жогорку коммерциялык колледжинин тамак-аш даярдоо технологиясы факультетин бүтүргөн. Бош убактысында дыйканчылык менен алектенет.

«Социалдык тармактарда аттуу-баштуу адамдардын ката жазганын көрүп, «булар ката жазып, коомчулукка чыгаргандан уялышпайбы?» деген суроону өзүмө көп берем. Мындай каталарды гезиттерден да көп кездештирем. Албетте, каталар ошол гезиттин рейтингине да таасирин тийгизет. Ошондуктан сабаттуу корректорлор менен иш алып барыш керек деп ойлойм. Мектепте эң жакшы окугам десем чындыкка жакындабай калат го. Жалпысынан айтканда жакшы эле окугам. Бирок кыргыз тили жана кыргыз адабиятынан жалаң «5» деген баага окугам. Ал эми «Сабаттуу бол» акциясында алдыңкылардан болорума ишенгем», - деди ал.

Шайлообек мырза студенттик кезинде өткөн окуяларга токтолду.

«Анда студенттик кез. Бир ай окусак, бир ай өндүрүштүк практикадан өтчүбүз. Азыркыдай уюлдук телефон жок. Практика учурунда таңкы саат 06:00дө окуу жайдын ашканасында болушубуз керек. Талап болсо катуу. Бир жолу кыштын күнү уйкулуу көзүм менен саатты туура эмес көрүп алыптырмын. Түнкү саат 03:15те шашкан бойдон кийинип, аялдамага барып, троллейбус күтүп турам. Эч бир жан жок. Анда-санда эле таксилер өткөнү болбосо, троллейбустун зымы былк этпейт. Көк муштум болуп тоңуп калдым. Кыйла бир убакыттан кийин бир таксист токтоп, «каякка жеткирейин?» десе, «жок, мен троллейбуска эле түшөм» деп коем. «Ушул убакытта жүрмөк беле» деди. Кайра үйгө барсам араң эле саат 06:00 болуптур. Ошондо ооруп калып, бир жума практикага барган жокмун. Мени тайпалаштар аябай күтүшүптүр. Себеби, ашканада мастер мени дайыма куймак куюп бышырганга тургузчу. Тайпалаштарым акырын келип жеп кетишчү. Аларга куймак берип жатып жаман көрүнчүмүн. Менин ордума башкасы бышырып, такыр тийгизбесе керек. Ошондо баркымды билишкен. Ошол окуялар эсимден кетпейт. Азыр да жылмаюу менен эстеп калам», - деди ал.

15-майда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан бекитилген жобого ылайык, «Сабаттуу бол» акциясынын негизинде Кыргызстандын жарандары жат жазуу жазышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×