Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 28.05.2019 13:46

Боролдойлук 10 жылдыктар айылга өзгөчө белек тартуулашты

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Боролдой айыл аймагындагы Боролдой орто мектебин 10 жыл мурун аяктагандар ынтымак багын жасашты.

«Бул бакты айылдын ынтымагын билдирип турсун деген тилек менен жасадык. Чоң Кеминдеги чоң кетменди көрсөңөр керек. Биздин Боролдойдо дагы ошол сыяктуу символ болсо дедик. Мурдагы жылы ушул эле айылдын жаштарынын атынан мугалимдерге атайын стела орнотулган.

Мындай ынтымак багы Кыргызстан боюнча жок деп ойлойбуз. Мындан ары жыл сайын 25-майда 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууга келген балдар бактагы үч эски уяны алып, ордуна үч жаңы уяны орнотуп турушат. Ушуну салт кылалы деп жатабыз. Бак темирден жасалса, уялар жыгачтан жасалды», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×