Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 31.05.2019 14:06

Балдарды коргоо күнү: Кеминде 250 балага белектер тапшырылды

Turmush -  Кечээ, 30-майда Чүй облусунун Кемин районунда Балдарды коргоо күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага 250 бөбөк катышты. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан каржыланып, балдар үчүн атайын шоу-программа көрсөтүлүп, белектер, бал муздак берилди.

Райондун акими Нурлан Шаршеналиев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары иш-чарага катышып, балдарга каалоо-тилектерин билдиришти.

«Балдар биздин планетанын келечеги» бир айлыктын алкагында жана 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата балдарга арналган иш-чаралар райондун бардык аймактарында уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×