Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 14.06.2019 10:44

Кеминдин Бейшеке айылында ФАП ачылды

Turmush -  2019-жылдын 13-июнунда Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бейшеке айылында ФАПтын ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Шаршеналиев катышып, ФАПтын курулушуна көмөк көрсөткөн бардык тарапка ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле Кара-Булак айыл өкмөтү тарабынан да ыраазычылык айтылып, айыл тургуну, жаш активист Чыӊгыз Жумагазиев, айыл башчы Максат Чоткараевге Бейшеке айылына инвестиция тартып, айылдын социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы тапшырылды.

Бейшеке айылындагы ФАП демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, керектүү жабдыктар менен да камсыз болушту. Келген коноктор жакшы ой-тилек менен ФАПтын алдына бак отургузушту.

Мурда бул айылдагы ФАПтын эскилиги жетип, элге кызмат көрсөтүүдө бир топ кыйынчылыкты жаратып келген. Жаӊы салынган ФАПта айылдын тургундарын тейлөөгө толук шарт түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×