Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 15.06.2019 10:36

Кеминдеги окуучулар коопсуздук эрежелерин үйрөнүп, машыгуудан өтүп жатышат

Turmush -  Кемин районунда окуучулардын жайкы эс алуу убагындагы коопсуздугу үчүн коопсуздук эрежелерди сактоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.

3-июнда башталган окуулар 22-июнга чейин уланат. Анда тийиштүү мекеме-уюмдар тарабынан жолдо, кооптуу имараттарда жүрүүнүн, сууга түшүүнүн, өрттөн сактануунун, тоого чыгуунун эрежелери үйрөтүлүп жатат. Калк арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту сактоону үйрөнүү үчүн атайын машыгуулар уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×