Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 24.06.2019 10:03

Кеминде балдардын арасындагы кырсыктардын алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Turmush -  Өкмөт тарабынан түзүлгөн «Коопсуздук үчүн бирге» иш-планынын негизинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан балдардын арасындагы кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

«Кемин районунда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн «Балдардын коопсуздугу», «Жаш өспүрүмдүн суицидинин алдын алуу», «Балдардын коопсуздугу үчүн эреже», «Суунун жанында балдардын коопсуздугу», «Балдар үчүн өрт коопсуздугу эрежелери», «Жолдо жүрүүнүн эрежелери» аттуу иш-чаралар өтүүдө.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү, ар түрдүү коомдук уюмдар тарабынан бул иштер аткарылып жатат. Адистер райондо түзүлгөн мектеп алдындагы күндүзгү лагерлерге, эл топтолгон жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Быйыл сууга чөгүп кетүү кырсыктары көп болгондуктан, ар түрдүү сууларга, каналдарга, көлмөлөргө түшүүгө тыюу салуучу белгилерди орнотуу иштери колго алынды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×