Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 02.07.2019 14:45

Боом капчыгайында тартылган граффитилер жарандык активисттер тарабынан толугу менен өчүрүлдү

Turmush -  Нарын—Бишкек—Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында кыргыз элинин баалуулуктарын шылдыңдаган делген сүрөттөр активисттер тарабынан өчүрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мирлан Атакозу теги билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2015-жылдын 20-июнунда Бранденбургдун Билим берүү, жаштар жана спорт министрлигинин каржылоосу менен стрит-арт жана граффити боюнча BASICOLORS аттуу VII эл аралык фестиваль өтүп, анын жүрүшүндө Боом капчыгайында жолдун капталындагы дубалга граффитилер тартылган.

Жакынкы күндөрү кыргыздын баалуулуктары камтылган сүрөттөр жана оймолор тартылат.

«Ал жер ырыскы тарткан жер. Алар биздин өнүгүүбүзгө кыянаттык кылышкан. Буга чейин сүрөтчү, тарыхчы жана манасчыларыбыз бул жердеги терс көрүнүштөгү сүрөттөргө чара көрүлүшүн талап кылып келишкен эле. Бул ирет жарандык активисттердин колдоосу менен сүрөттөрдү өчүрдүк. Жалпысынан 780 чарчы метр жерге сүрөт тартылган экен. Үч күн бою ошол капчыгайда түнөп, сүрөттү өчүрдүк. Жалпы 130 литр сыр, 20 литр уайт-спирит (боёкту, сырды өчүрө турган суюк каражат) колдонулду», - деди Мирлан Атакозу теги.

Буга чейин жаштар Боом капчыгайында тартылган сүрөттөргө чара көрүү боюнча бир нече ирет чогулушкан. Ал ортодо атайын комиссия да түзүлгөн. Бирок сүрөттөр көп суммадагы каражатка тартылгандыктан жарандык активисттер толук өчүрүүгө чамалары жеткен эмес. Сүрөттүн уят делген бөлүгүн гана өчүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

20.07.2015Ысык-Көл жана Нарын облустарынын активисттери Боом капчыгайындагы граффитини өчүрүү үчүн чогулушат (фото)
21.07.2015Нарын—Бишкек—Торугарт жолундагы Боом капчыгайында граффитилер туура эмес тартылгандыгын айткан активист жаштар аларды өчүрүүнү пландоодо (фото)
21.07.2015Боом капчыгайындагы граффити сүрөттү өчүрүү үчүн активисттер сырга акча чогултуп жатышат
23.07.2015Боом капчыгайына кыргыз менталитетине туура келбеген граффитини тартууга уруксат бергендер аныкталып жатат (фото)
03.08.2015Боом капчыгайына улуттук кызыкчылыктарды эс албастан тартылган граффитилер боюнча Маданият министрлигинин коомдук кеңеши комиссия түзөт (фото)
04.08.2015Боомдогу граффитилер улуттун кызыкчылыгын эске албай тартылган деген жаштар аны өчүрүү үчүн кол топтоону улантууда (фото)
06.08.2015Боом капчыгайындагы граффитилерди өчүрүү жана аны тарткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча жумушчу топ түзүлдү (фото)
12.08.2015Видео - Боом капчыгайында тартылган граффитилер жарандык активисттер тарабынан өчүрүлдү
15.08.2015Боом капчыгайына уруксатсыз тартылган граффитилерге байланышкан ишти Тоң РИИБдин тергөөчүлөрү иликтеп баштады
04.04.2018Боомдо кыргыз менталитетине туура келбеген граффитинин алдына жаңы дубал курулууда (фото)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×