Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 15.07.2019 11:22 На русском

Өрт чыккан үйдө илгичке колу жетпей тырпыраган 3 жаштагы бала: Куткаруучу Б.Качыбековдун тажрыйбасы

Turmush -  Чүй облусунун Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Бактыбек Качыбеков 14 жылдан бери куткаруу кызматында эмгектенип келет. Ал жумушундагы окуяларды айтып берди.

Куткаруу — бала кезимдеги кыялым эле

- 2005-жылы ӨКМдин Токмок шаардык куткаруу жана өрткө каршы кызматына инспектор болуп жумушка киргем. Куткаруучулук кесипти тандап алганымдын себеби, жаш кезимде сыналгыдан ар кандай кырсыктарды, андагы жабырлануучуларды көрүп, аларды куткаргым келчү. Ошол кезде айылыбызда байкелер сууга чөгүп каза болушкан. Адам өмүрүн сактап калсам, куткарсам деп кыялданчу элем. Кудайым тилегиме жеткирип, ушул кесипке алып келди.

Жумушка жаӊы киргенде кенже лейтенант наамым бар болчу. Андан бери 14 жыл өттү. Ушул жылдар аралыгында талыкпай эмгектенип, майор наамына жеттим. Кудайым буюрса кийинки жылдары подполковник наамын алам деген максатым бар. Кынтыксыз кызматым үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3-даражадагы медалына, юбилейлик медалдар жана Токмок шаарынын мэриясынын, Кемин районунун акиминин ардак баракчаларына ээ болдум.

Илгичке колу жетпей, ажал менен кармашкан бала

- Токмок шаарында иштеп жүргөн кезим. Калп айтпасам 2009-жылдары болуш керек. Өрт кырсыгы тууралуу кабар келип түштү. Биз дароо айтылган дарекке барсак, бешинчи кабаттагы үй күйүп жаткан экен. Алоолонгон отту өчүрүп, үйдүн ичине кирсек, 3 жаштагы бала менен чоӊ апасы иске ууланып каза болуп калыптыр. Эӊ эле кейигеним баланын чарчап калганы болду. Ал баланын ата-энеси чет өлкөгө иштөөгө кетишкен экен. Алар көп деле келишпейт окшойт.

Чоӊ эне уктап калган экен. Ичип алган деген да кептер бар. Үйдө өрт чыккан учурда бала эшикке чуркап келип, илгичке колу жетпей, ары чуркап, бери чуркап тызылдаган экен. Аягында чоӊ энеси жаткан жердин бери жагына көмкөрөсүнөн жаткан бойдон кете берген. Ошол өрт азыркы күнгө чейин эсимден кетпейт. Ал бала тырышып жаткан экен. Ошол бойдон катып калыптыр. Байкуш баланын бою бир аз узун же чоӊураак болгондо илинип турган эшикти ачып, апасын да, өзүн да куткарып калмак деп ойлонуп калам. Ушул баарыбызга сабак болуп, үйдө өрт эрежелерин сактап, өзүбүздүн дагы, жакын адамдарыбыздын дагы өмүрүн коркунучка алып келбесек деп айтар элем.

Кырсыктын алдын алуу ар бирибиздин колубузда

- Биздин кесип чынында татаал. Бирок ошого карабай куткаруучулар адам өмүрүн сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап келишет. Күйүп калган, сууга чөгүп кеткен, жол кырсыктарынан каза болгон адамдарды туугандары менен милиция кызматкерлерине өткөрүп беребиз. Жогоруда атап өткөн кырсыктардан кийин өзүң дагы сактанып жүрүп каласыӊ. Анткени баштан көп нерсе өтүп жатат. Үйдө электр зымдарын эрежеге шайкеш кылып жасап, аны текшерип турам. Жолдо унаа менен жүрсөм, этият жүрөм. Ошондой эле досторго, тааныштарга кырсыктар тууралуу айтып, аларды да сактанууга, эрежелерди так аткарууга үндөп келем. Менин кеӊешим, эч убакта жаш балдарды үйгө жалгыз калтырбоо керек. Үйдүн ичине ичимдик ичип, чылым чекпеш керек. Жолдо болсо, жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты азайтып айдоо керек. Кырсыктын алдын алуу ар бирибиздин колубузда.

Сууга түшүү эрежелери

- Азыр жай мезгилинде сууда кырсыкка кабылгандар көп болуп жатат. Кайдыгерлик мамиле кылып, биз айткан эрежелерди сактабай, түшүүгө болбойт деген жазууну окуп туруп, шар аккан сууга, кооптуу көлмөлөргө түшкөндөр бар. Ошолорго айтарым, кудай сактансаӊ сактайм дейт. Адам өмүрү кымбат. Ошол өмүрүӊүздөрдү сактап, биз айткан эрежелерди аткарсаӊыздар. Мисалы, ичимдик ичкенден кийин же тамак жегенден кийин сууга түшүүгө болбойт. Көлгө түшөрдүн алдында бутту-колду жууп, денени сууга көндүрүш керек. Дароо муздак сууга түшкөндө тарамыштар түйүлүп калышы ыктымал.

Кеминде 2 адам сууга чөгүп көз жумду

- Кемин районунда жыл башынан бери 2 адам сууга чөгүп көз жумду. Биринчиси, Кызыл-Октябрь айылынын тургуну катуу аккан сууга секирип, анын денеси ошол эле күнү Токмок шаары тараптан табылды. Бул баланын кылык-жоругунан улам өзүнө-өзү кол салуу болду деген божомолдор бар. Экинчиси, Самансур айылында Чоӊ Чүй каналынын жанында мал жайып жүргөн тургун сууга агып кетти. Ал күн ысып кеткенде сууга түшкөн экен. Анын денесин Чүй районунун Садовое айылындагы суунун жээгинен таптык.

Өткөн жумаларда Саз-Булак айылынын тургуну мал жайып жүрүп, бир ую суу ичем деп каналга түшүп кетиптир. Аны аталган тургун чыгарам деп, өзү кошо түшүп кеткен экен. Ал суу бөлүштүргүч менен уйдун ортосуна кыпчылып калыптыр. Күбөлөр өз убагында байкап калып, бизди чакырышкан. Аны өз убагында куткарып калдык.

Өзүм жөнүндө

- Мен 1981-жылы Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кайырма айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө үч бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Өзүм 2004-жылы үйлөнгөм. Кудайга шүгүр, 3 кыз, 1 уулдун ата-энеси болдук.

Келечекке максаттарым көп. Элиме ак эмгек жасап, полковник наамына жетип, ардактуу эс алууга чыксам дейм. Уул-кыздарымды жакшы тарбиялап, окутуп, жашоодо өз ордун таап кеткенге көмөк кылсам деген тилектерим бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×