Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 27.07.2019 17:24 На русском

Эки унаанын ортосунда талкаланган «Ауди». Сүрөт

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда жол кырсыгы катталды.

Ысык-Көл облустук ЖКККБнын маалыматына караганда, бүгүн, 27-июлда саат 09:50 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт автоунаа жолунун 141-чакырымында тактап айтканда Боом капчыгайында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа «Ауди 100» үлгүсүндөгү унааны артынан сүзүп алган. Андан соң, «Ауди 100» алдындагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын кесепетинен «Аудинин» жүргүнчүлөрү — Нарын районунун 1941-жылы туулган тургуну К.Бейшегүл, анын кызы — Бишкек шаарынын 1975-жылы туулган тургуну К.Анаркүл, анын баласы — 2014-жылы туулган М.Нуржигит Балыкчы шаардык ооруканага көрүнүп кетишкен.

«Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны А.Тагайбек, «Ауди 100» үлгүсүндөгү унааны М.Бакас, «Тойота Эстима» унаасын Б.Таалайбек башкарып бара жаткан.

2

WhatsApp Image 2019-07-27 at 16.46.06

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×