Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Чүй облусуКемин району 11.08.2019 15:50

Кеминде Курман айтта аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Сүрөт

Turmush -  Кемин районунда Курман айт майрамында аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө, Кемин шаарындагы карылар үйүнө, Орловка шаарындагы «Нурмээйса» балдар жана үй-бүлөлөргө жардам берүү борборуна эт жана ун таратылды.

Мындан тышкары 1000ге жакын үй-бүлөгө эт жана азык-түлүк таратылат. Көрсөтүлө турган жардамдын жалпы суммасы 1 млн 300 миң сомду түзгөнү болжолдонууда.

Жардам демөөрчүлөр тарабынан көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×