Turmush — Масаитова Сырга Якубовна учурда Чүй облусунунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылдык кеӊешинин депутаты. Ал өзүнүн басып өткөн жолу жана эсте калган кызыктуу окуяларын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.
Өзү жана үй-бүлөсү тууралуу
Мен таята жана таенемдин колунда өсүп-чоӊойгом. Эӊ улуу небереси болгонумдан улам бир айлык кезимен баштап эле багып алышкан экен. Ата-энем Кызыл-Октябрь айылында чабан болуп иштешип, 1960-жылы ардактуу эс алууга чыгышкан. Алар ушул айылда өмүр бою жашап, бул дүйнөдөн өтүштү. Атам Якуб Масаитов чабан болуп иштеп жүргөндө, Кызыл-Туу жана башка көптөгөн орден-медалдар менен сыйланган. Алдынкы чабан катары бааланып, Москвадагы ВДНХга чейин барышкан. Анда алар кой багышар эле. Фамилиямды уккандар, дароо кызыгып сурашат. А негизи атамдын аты-жөнү Жакыпжан Майсейитов болчу. Бирок документке Якуб Масаитов деп жазылып калган. Үй-бүлөдө 12 бир тууганмын. Эки бир тууганым каза болуп калган. Калгандары аман-эсен.
Мен Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы жигитке турмушка чыккам. Тагдыр экен, экөөбүз 1993-жылы эки жолго түшкөнбүз. Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет экен. Өкүнүчкө карай, жолдошум 2018-жылы каза болуп калды. Жалпы сегиз балалуу болгонбуз. Алардын ичинен үчөө кичинекей кезинде эле чарчап калышкан. Учурда 4 кыз, 1 уул, 3 күйөө балам, 1 келиним, 12 неберем бар. Ушул балдарым тестиер кезинде СССР кулап, оор заман келген. Балдарды жалгыз багып-өстүрүү бир топ кыйынга турду. Кыргызстанда жумуш орундары жок болгондугунан улам 1993-жылы мен дагы эл катары Россиянын Сибирь аймагына баргам. Анда Тыва Республикасында соода тармагында эмгектендим. Негизи СССР убагында соода тармагы катуу көзөмөл менен иш алып барчу. Бир тыйындан өйдө эсептелчү. Азыр болсо кызыл кулактардын заманы болду.
1-класстан 5-класска чейин Фрунзе шаарынын Төкөлдөш айылындагы №53 мектепте окугам. 5-класстан тарта Ысык-Көл облусунун борбору Пржевальск (Каракол) шаарындагы Киров орто мектебинде билим алып, 1975-жылы бүтүргөм. Андан соӊ Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, бир упай жетпей калып, өтпөй калгам. Андан соң бир жылдык соода окуу жайына тапшырып, билим алгам. Ошентип 18 жыл соода тармагында СССР кулганга чейин иштедим. Мектепте окуп жүргөндө, кыргыз диаспорасында жана азыркы учурдагы укук коргоо уюмунда эмгектенип жүрүп, бир топ сыйлыктарга татыдым.
Мени унаа сүзүп кетиптир деп ойлогом
Жашоодо ар кандай кызыктуу окуялар болот эмеспи. Тоӊ районунда соода тармагында иштеп жүргөн кезим. Анда Чернобыль окуясынын учурунда болчу. Гастрономго (ар түрдүү тамак-аш продуктылары сатылуучу дүкөн) таттуулар келип калды. Анан эл абдан көп келип, кезекке туруп калышты. Мен кампага (склад) документ алганы бара жатсам, кезекке тургандар урушуп жатышат. «Момпосуй үчүн да ушунча урушабы?» деп кампага кирип кеттим. Кайра чыксам деле жанагы көрүнүш. Анан окуянын чоо-жайы билүүгө ал жакка чуркадым. Бир кезде көзүмөн от чагылышып, эч нерсе көрбөй калдым. Эмне болгонун түшүнбөй, эсиме келе албай жатсам, мени менен иштеген бир келин келип, «Эже сизге эмне болду?» деп калды. А мен ага: «Унаа сүзүп кетти» дептирмин. Аны уккан тигил келин да, кезекке турган эл да каткырып күлүп жиберишти. Анан «Эмнеге күлүп жатышат?» деп акырын көзүмдү ачсам, зым каргайды башым менен сүзүп, отуруп калыптырмын. Андан мурун ары жакта токтоп турган унааны көргөн болчумун. Ошол мени сүздү деп ойлодум. Чекем кадимкидей томпоюп шишип калган. Аны көргөн чогуу иштешкендер далайга чейин күлүп жүрүштү.
Путин келгенге чейин жайлоодо жүргөндөй жайылып кеткенбиз
Тыва Республикасында 1993-жылдан 2010-жылга чейин эмгектендим. Кыргыздар жумуш издеп, алгач Россияга барган жылдары ал жакта деле биздей кыйынчылыктар бар болчу. Бирок кытайлардын товары Кыргызстанга келе баштагандан тарта, бул жактан товар алып, Россияга соода кыла башташты. Үйүӊөн 6 метр узагандан кийин мусаапырчылык башталат эмеспи. Бул чындык. Чет жерге барып иштегендер жакшы түшүнөт. 2000-жылы 26-мартта Владимир Путин президент болуп, Россияга шайланганда, эки айдан кийин эле Россияда мыйзамдар катуулай баштады. Мурда жайлоодо жайылып жүргөндөй, каттоого турбастан ал жакта иштей алчубуз. Анан эле мигранттарга оор болду. Мыйзам болсо күндөн-күнгө күчүнө кире баштады. 2003-жылы кыргыз диаспарасын ачып, укуктарыбызды коргоого өттүк. Ал диаспорада эмгектенип жүрүп, төрайымына чейин жеттим. 2010-жылкы Кырыгызстандагы окуядан улам үйгө келип, неберелеримди багууга туура келди. Ошол бойдон Кыргызстандамын. Кайра кайтып барып иштеген жокмун.
Тайгадагы көз ирмемдер
Роосияда жүрөбүз. Кыргыздар жаӊы бара баштаган жылдар. Соода деле жакшы болбой, батирге акча таппай жүргөн кез. Бизден мурадараак баргандар, «Жүргүлө Тайга токоюна, жер-жемиш терип келип, сатабыз. Азыр брусника деген жемиштин сезону. Абдан жакшы өтөт. Тааныштарыбыздын унаасы менен барабыз» деп калышты. Биз макул болуп бардык. «Жылуу кийим алгыла, август айында кар жаап салышы мүмкүн» деп эскертишти. Унаа менен хакастар, кыргыздар болуп бардык. Мен кыз-келиндер менен жемиш тергени кеттим. Ал жактан дагы бөлүнүп-бөлүнүп кеттик. Мен брусинка деген кандай болот деп сурабаптырмын. Токойдон эки жакты карап жүрөм. Анан эле баягыны такыр таппайм. Ошентип тоого чыгып кеттим. Айлана бир керемет, кооз. Чарчаганымдан жаратылыштын кооздугуна суктанып отурсам, жердешим жаныма келип, «Сен эмне жемиш тербей отурасыӊ? Күн бат эле батат. Тез тер, жок дегенде бир чака терип кал» деди. Анан мен: «брусинканы таппай жатам» дедим. Ал болсо: «Брусинканы кандай элестетесиӊ?» деди. «Биздин карагаттай эле элестетип, издеп жатам» десем, күлүп калды. «Жерди карасаӊ, жайнап жатпайбы» деди. Көрсө, ал жапыс чөптөрдүн арасында өсөт экен. Бирок өтө даамдуу жана дарылыкка миӊдин бири. Ошол токойдон укмуштуудай көп көпөлөк көрдүм. Алардын көптүгүнөн унаанын айнеги жабылып, сырт көрүнбөй калчу.