Turmush — Кемин шаарынын тургуну Санжар Абдимиталипов бокc боюнча Кыргызстандын чемпионатында 3-орунду алды. Бул тууралуу Кемин шаарынын мэриясынан билдиришти.
Биринчилик СССРдин спорт чебери, КРдин эмгек сиңген машыктыруучусу В.С.Рословдун урматына өткөрүлдү. Ага 2010-2011-жылдары туулган өспүрүмдөр катышты.
Санжар Кемин шаарындагы Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинин 8-классында билим алат. 5 жылдан бери бокс менен машыгып келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.