Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы мейманкананын 3-кабатынан аял киши өзүн таштады.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 14-март күнү Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ш. аттуу жарандан кабар түшкөн. Анда ошол эле күнү саат 18:10 чамасында Манас шаарындагы мейманканалардын биринде 3 кабаттан терезеден жашы болжол менен 35-40 жаштардагы азият түспөлүндөгү аял киши өзүн таштап жибергендиги тууралуу билдирген.
Аталган маалымат Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерге Манас ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда мейманкананын 3-кабатынан терезеден кулап кеткен жаран тез жардам кызматы тарабынан Манас шаарындагы Жалал-Абад облустук биритирилген клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилгендиги маалым болгон.
Тергөө кызматы жабырлануучуну сурак кылган учурда ал өзү мас абалында 3-кабаттын айнегинен секирип кеткендигин жана аны эч ким түртпөгөндүгүн айткан. Ал чет өлкөлүк 1994-жылы туулган Д.И. аттуу жаран экендиги аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ошондой эле ыкчам тергөө тобу окуя катталган мейманкананын бөлмөсүнө кароо жүргүзгөн учурда энергетикалык суусундук, спирт ичимдиги, тамеки табылып, аталган бөтөлкөлөрдүн идиштеринен бармак издери алынып, соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалды.
Жабырлануучу азыркы учурда дарыгерлердин кароосунда дарыланууда.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.