Turmush — Чүй облустук соту Аламүдүн районунда агасынын өлүмүнө айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Айыпталуучу Берикбай (аты өзгөртүлдү Б.Б.Н.) Аламүдүн районунда туулган. Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Аялы менен ажырашкан. Ишканалардын биринде айдоочу болуп иштеген.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Берикбай 2025-жылдын 11-июль күнү өзүнүн 49 жаштагы бир тууган агасы Акынбай (аты өзгөртүлдү Д.А.Н.) экөө өздөрү апасы менен чогуу жашап жаткан үйдүн бир бөлмөсүн оңдоо иштерин башташкан. Бирок бөлмөнү боёп жаткан сырдын өңүнө байланыштуу пикир келишпестик чыккан. Анын кесепетинен агасын бир нече жолу темир швабра башка бир нече жолу чапкан. Акынбай оор жаракаттарынан улам тез жардам кызматы аркылуу Бишкектеги №4 шаардык бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Дарыгер тарабынан алдын ала берилген медициналык корутундуга ылайык, ага эпидуралдык кан коюлуу, оң мандай бөлүгүндөгү ачык түрдөгү мээнин чайкалышы, баш мээнин оор даражадагы шишиги, баш сөөктүн маңдай бөлүгүндөгү сыныгы жана оң тарабынын импрессиондук сыныгы деген диагноз коюлган. Ал жаракаттарынан улам 5 күндөн соң каза болгон.
Берикбай Аламүдүн райондук сотунун 2025-жылдын 29-октябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 12-июлунан баштап эсептелинген.
Айыпталуучунун жактоочусу өкүм менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган. Ал өкүм процессуалдык нормаларды бузуу менен кабыл алынганын билдирген. Ал айыпталуучу Берикбай биринчи инстанциядагы сот учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алса дагы, бирок азырку учурда, кандайдыр бир фактылар боюнча маркум-жабырлануучу тарапка келтирген дене залакаты өлүмгө алып келбеши болчу деп эсептей турганын билдирген. Себеби ага-ининин ортосунда мушташ чыгып кеткени туура. Бирок Берикбай агасына өлүмгө алып келген денесине залака келтирилбеген. Себеби ал андай катуу ургандыгын мойнуна албайт.
Мындан тышкары, Берикбайдын ургандыгын түздөн-түз көрсөткөн күбөлөр жок, күнөөсү иш материалдар менен далилденген эмес. Аталган жагдайлардын негизинде Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Берикбайды актоо өкүмүн чыгарууну суранган.
Биринчи инстанциядагы сотто айыпталуучу Берикбай күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 2025-жылдын 11-июль күнү агасы Акынбек экөө үйдүн бир бөлмөсүн оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп, сырдап башташкан. Ошол күнү ал 200 грамм арак ичкен. Агасы ага жардам бергени келип, бирок анын сырдап жаткан жерин жактырбай, ар кандай сөздөрдү айтып, экөөнүн ортосунда келишпестик чыккан. Агасы ага «чыгып кет» деп айткан. Ал сыртка чыгып, андан кийин экөө огороддо мушташа кетишкен. Агасын чапкан. Анан агасы да аны урган. Бирок агасы аны эмне менен урганын билбей калган. Ошол учурда анын буту менен башы ооруп калган. Өзү мас болгондуктан жана намыстанып, ачууга алдырып, агасын дубал сырдоочу валик менен сан жагына чапкан. Андан кийин ал темир швабраны алып, агасын баш жагына урган. Кийинки ургандар кайсы жерине тийгенин эстей албайт. Агасы жерге жатып калганын көргөн. Бирок ага көңүл бурбай, үйгө кирип, красканы жаап коюп, андан соң уктап калган. Аны милиция кызматкери (участковый) ойготуп, ошол учурда гана агасы Акынбектин ооруканага түшүп калганын уккан.
Окуя боюнча күбө катары ага-ининин кошунасы да көрсөтмө берген. Ал күнү талаада иштеп, саат 18:30 чамасында үйүнө келген. Ал убакта кошунасынын огород тараптан урушуп, сөгүшүп жаткан үндөрүн уккан. Ал урушка маани бербей, үйүнө кирип кеткен. Бир аздан кийин кошуналардын үнү кайра чыккандыктан, алардын үйүнө барып, 1-2 киши огороддо Акынбектин башын жууп жатышканын көргөн. Анткени анын бети-башы кан болгондуктан башын шейшеп менен таңып жатышкан. Ошол жерден тез жардам кызматына да чалган. Бирок алар унаа бузук экенин айтышкан. Андан кийин Акынбекти абалы оор болуп, бетинен, мурдунан кан токтобой жаткандыктан, аны унаага салып, №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына алып барышкан. Жолдо баратканда Акынбектен эмне болгонун сураганда, ал «Берикбай менен урушуп кеттим» деп жооп берген. Окуядан 5 күн өткөндөн кийин Акынбектин байкенин каза болгонун уккан.
Чүй облустук соту 2026-жылдын 4-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Аламүдүн райондук сотунун 2025-жылдын 29-октябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылды. Жактоочунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды. Өкүмгө нааразы тарап кассациялык тартипте Жогорку сотко даттанууга укуктуу.