Turmush — Бүгүн, 17-март күнү Ысык-Ата районунда оор жүк ташуучу унаалар кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык саат 07:49 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда болгон. Аталган жерде жол сакчылары иштеп жатат.