Turmush — Бакыт Сатымкулов Кемин райондук жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жетекчиси болуп дайындалды.
- Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн нөөмөт медайымы жана дарыканада медайым болуп иштеген Нургүл Кудайбергенова ушул жылдын 29-апрелинде өз өмүрүнө кол салып, кан тамырын кескен. Ал бул кадамга жаӊы дайындалган директор менен кыйылган бак-дарактар боюнча болгон чырдан улам барган.
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Кемин шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлеринин кайрылуусуна байланыштуу Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторуна бул ишти талдоо үчүн жумушчу комиссия түзүүнү тапшырган.
- Комиссиянын ишинин жыйынтыгында директор Шаршенбек Эркегулов ээлеген кызматынан бошотулду.
«Жаӊы директорду дайындоо боюнча буйрук 13-июнда чыгыптыр. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координаторунун орун басары келип, жаӊы директорду тааныштырып кетти. Мурунку директор: «Макул, мен майда-чүйдөмдү жыйнап алайын. Ачкычты таштап кетем» деп жаткан. Бирок, биз кеткенден кийин тарапташтарын, жактоочусун жыйнап, «бул мыйзамсыз, мен кызматтан кетпейм» деп айтыптыр. Эми окуянын андан ары жүрүшүн дагы кабарлайбыз», - деди укук коргоочу Сырга Масаитова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытова бул маалыматты тастыктап, 13-июнда чыккан буйруктун негизинде Сатымкулов Бакыт Жумабекович аталган ооруканага директор болуп дайындалганын айтты.