Turmush — Чүй облусунун Кемин шаарында 15 чакырым ички жол оңдолуп жатат. Бул тууралуу Кемин шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда жолдун аң-чуңкурлары автогрейдер менен кырылып, кум-шагыл төгүлүп, тегиздөө иши жүрүүдө.
Жол оңдоо жумуштары менен жеринде Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев таанышып, жолду сапаттуу жасоо боюнча тапшырма берди.
Жолду калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом каражат каралган. Оңдоо иштери Кемин райондук №32 жол тейлөө мекемеси тарабынан жүрүүдө.