Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кемин шаарынын спортчулары бокс боюнча облустук мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бокс боюнча Чүй облустук биринчиликке жалпы 180ден ашык спортчу катышты. Кемин шаарынан 7 спортчу машыктыруучу Марс Абдрахмановдун жетекчилигинде беттешти.
7 спортчунун ичинен Санжар Абдимиталипов 2-орунду, Афтандил Дөөлөтбаков 2-орунду жана Баян Алмазбеков 3-орунду камсыздады.
Санжар Абдимиталипов бүгүн, 21-июнда Кыргызстандын биринчилигине катышат.