Turmush — Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 39 жаштагы тургуну Ниязбек Садырбеков арашан породасындагы койлорду багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча машыктыруучу болуп иштейт.
«2006-жылы Бишкек шаарындагы дене-тарбия академиясынын грек-рим күрөшү боюнча бөлүмүн аяктагам. Алгач мектепте 3 жыл иштедим. Андан соң Бакай-Ата райондук балдардын спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеп баштадым. 15 жылдан бери машыктыруучу болуп эмгектенип келе жатам. Балдарымдын алды курама командага кирип калды. 3 жыл мурун грек-рим күрөшү боюнча «Эмгек сиңирген машыктыруучу» наамын алдым. Күрөшкө өзүм кичинекей кезимден кызыгып, атам, агамды ээрчип барып жүрчүмүн. Үй-бүлөм баары ушул тармакка кызыкканы үчүн кийин кесипке айлантып алгам», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле алгач жылкыларды багып, кийин кой багууга өткөнүн айтып берди.
«Бизде айыл жергесинде бир айлыкты карап отура бербей, талаа иштерин, мал чарбасын дагы кошо ала кетиш керек. 10 жыл мурун жылкы багып баштадым. Анан оңой деп койго өттүм. 8 жыл мурун Казакстандан, Тажикстандан гиссар койлорду алып келип бактым. Аларды багып жүрүп, көргөзмөдө арашан кой көрдүм. Бул койдун сулуулугуна, көлөмүнө баа бердим. 2 жыл мурун арашан койду көбөйтүп баштадым. Учурда арашан койлорум 70 башка жетип калды.
Мындан 1 жыл мурун 2 жумалык Байгер аттуу кочкорду 40 миң долларга алып келгем. Ал белгилүү Френкель деген кочкордун баласы эле. Ошонун козулары быйыл төлдөп жатышат. Быйыл буйруса жакшы баага өтүп жатат. Байгердин баласы деп алгач эле 1 күндүк кочкорун 7 миң долларга саткам. Эртең менен тууган козуну кечинде алып кеткен. Андан соң Маданият деген айылга 1 айлык козу 15 миң долларга сатылды. Бардык жагы куп жарашып, келбеттүү өзүндөй кочкорлор чыгып жатат. Ошого соодалашып отуруп, ылайыктуу баа чыгып алып жатышат. Буларды багуу жөнөкөй кыргыз кой бакканга караганда алда канча үнөмдүү. Баасы жогору турат. Анан жаш баладай караганыңды дагы актап коёт. Ошол эле кой жеген чөптү, жемди жешет», - деди ал.
Фермер жубайы экөө 5 кыз, 1 уулдун ата-энеси.